Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы 23/7
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/11 18.01.2019ж. кайрылуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 5-главасынын 3 пунктуна таянып Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэр бош кызмат ордун ээлөө боюнча карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясы сунуштаган вице-мэрдин бош кызмат ордуна Аликеева Эльмира Сакыевнанын талапкерлигине Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары бир добуш менен макулдук беришти.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |