Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы 23/8
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин 17.01.2019ж. № 2 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык коммуналдык менчик департаментинин 17.01.2019-жылдагы № 2 кайрылуу катынын негизинде шаардагы эски котельныйден чыккан 12 метр темир мооруну 40-кварталдагы сел өтүүчү арыктарга 4 метрден үч жерге орнотууга уруксат берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы эски котельныйден чыккан 12 метр темир мооруну 40-кварталдагы сел өтүүчү арыктарга 4 метрден үч жерге орнотууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы КМДнын жетекчиси И.Ходжамбердиевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |