Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы 23/10
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 18.12.2018ж. №1-12/936 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 18.12.2018-жылдагы № 1-12/936 катынын негизинде Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларынын эрдигин унутпоо үчүн эстелик орнотуу маселесин карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларынын эрдигин унутпоо үчүн эстелик орнотуу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |