Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры №18/66
Кызыл-Кыя ШИИБү боюнча ЖКККБнүн шаарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу багытында 2018-жылдын 7 айында аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2018-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 23–августундагы №28 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу багытында 2018-жылдын 7 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБнүн башчысына милдеттендирилсин:
шаарда жол коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болуп жетишпеген жол чырактары (светофорлору), жол белгилери, жол сызыктары жана жолдордун абалы боюнча маалыматтарды шаардык кенешке берип туруу жагы.
шаардын Асаналиев көчөсүнүн “Айбек базарынын” жанындагы жана башка көчөлөрдө болуп жаткан автотыгындарды азайтуу боюнча сунуштарды берүү жана бул багытта максаттуу иштерди алып баруу жагы.
3. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин:
шаарда жол коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болуп жетишпеген жол чырактарды (светофорлорду), жол белгилерин орнотуу, өчүп кеткен жол сызыктарын, жөө журүүчүлөр өткөөлдөрү (зебраларды) жанылоо иштерин жүргүзүү жана алардын дайыма он абалда болуусун камсыз кылуу жагы;
ар түрдүү себептер менен жолдордун казылган жерлерин 1 айлык мөөнөттө бүтөп калыбына келтирүүнү камсыз кылуу жагы;
жыл сайын шаардын ички жолдорунун бузулуп кеткен чункурларын ондоп жамоо иштерин сапаттуу белгиленген көлөмдө жүргүзүү жагы.
4. Кызыл-Кыя шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы автостоянкалар боюнча жобо иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүп, 1 айлык мөөнөттө жобону шаардык кеӊештин кароосуна алып чыгуу шаардын мэри Э.А.Топчубаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |