Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры №18/68
Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) жайыт комитети жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 24–июлундагы №15 протоколунун чечимин, Кызыл-Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018–жылдын 2–июлундагы №05 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) жайыт комитетине (ЖК) шаардык кеңештин төмөнкү депутаттары мүчө болуп бекитилсин:
Халмурзаев Данияр Абишевич,
Кабулов Толкунбек Тургунбаевич,
Кудайбергенов Кенжебай Тиленович.
Каарова Азада Маматовна.
2. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018–жылга карата жайыт пайдалануу планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018–жылга бюджети №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).
4. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) 2018–жылы АРИС аркылуу келген автогрейдерди пайдалалануу боюнча тарифи №3 тиркемеге ылайык бекитилсин (№3 тиркеме тиркелет). Тарифтин сакталышын жана түшкөн акча каражатын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэриясына жүктөлсүн.
5. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин автогрейдерди пайдалалануу боюнча келишим баланкасы №4 тиркемеге ылайык бекитилсин (№4 тиркеме тиркелет).
6. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жайыттарды пайдалануунун тартип эрежелери №5 тиркемеге ылайык бекитилсин (№5 тиркеме тиркелет).
7. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу үчүн ар бир баш мал-жандыка алынуучу, жайытты башка максаттарга пайдалангандар үчүн жайыт акы төлөө боюнча тарифи жана жайыт акыны чогултуу графиги №6 тиркемеге ылайык бекитилсин (№6 тиркеме тиркелет).
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/68 токтомуна №1-тиркеме
Жайытты пайдалануунун жылдык планы
Ак-Булак ЖПБнын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
№ | КӨРСӨТКҮЧТӨР | ЧЕНЕМ БИРДИГИ | ЖАЛПЫ |
| Айыл аймак боюнча элдин саны | адам | 50 216 |
| Эркек кишилер | адам | 23 601 |
| Аял кишилер | адам | 26 615 |
| Айыл аймак боюнча кожолуктун саны | саны | 2550 |
| Жалпы айыл аймагынын территориясынын аянты | га | 5200 |
| Бардык жери | гa |
|
| Айыл чарабасына жарактуу | гa | 2014 |
| Жалпы жайыт аянты | гa | 1132 |
| Айдоо жердин жалпы аянты | гa |
|
| Ири мүйүздүү мал | баш | 1906 |
| Кой/эчки | баш | 7937 |
| Жылкы | баш | 159 |
| Төө | баш | 0 |
| Топоз | баш | 0 |
| Эшек
| баш | 0 |
| Баардыгы | баш | 10002 |
| Баардык шарттуу мал башы |
| 3652 |
Акбулак айылаймагынынЖайыткомитетинин 2018-жылга жылдык планы
№ | Иш-чаралар/аракеттер | айлар | Ким жооптуу | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | |||
1 | ЖБжМЧОП иштеп чыгуу (жаныртуу) | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жумушчу топ |
2 | ЖБжМЧОП тааныштыруу |
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жумушчу топ |
3 | ЖБжМЧОП жергиликтуу органдан бекитуу |
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК торагасы |
4 | Жайыт билеттерин беруу, узартуу |
|
|
| Х | Х |
|
|
|
|
|
|
| ЖК торагасы |
5 | Малдын ден соолугун коргоо боюнча иштерди аткаруу |
|
| Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
| МДК тобу |
6 | Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жургузуу |
|
|
| Х | Х |
|
|
| Х | Х |
|
| МжБтобу |
7 | Жайыт пайдалануу пландарынын аткарылышына козомол |
|
|
|
|
| Х |
|
|
|
| Х |
| АК, ЖК, ТК, ЖПБ мучолору |
8 | Жайыттын абалын жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышына козомол |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х | АК, ЖК, ТК, ЖПБ мучолору |
9 | Гендердик тенчиликти аткаруу боюнча иш-чараларды аткаруу |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х | ЖК торага |
10 | Жайыттардын абалына мониторинг жургузуунун жана жайыттардын сыйымдуулугуна анализ |
|
|
| Х |
|
|
|
| Х |
|
|
| ЖК торага, МжБтобу |
11 | ЖБжМЧОП аткарылышы боюнча ЖПБ отчет беруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | ЖК торага, мучолору |
12 | ЖБжМЧОП аткарылышы боюнча жергиликтуу органдарга отчет беруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | ЖК торага |
13 | Мал санак уюштуруу | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Комиссия |
14 | Жайыттарды жакшыртууга жана башкарууга коюлган долбоорлорду ишкеашыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| КДтоптун мучолору, ЖК торагасы, ТК |
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Кызыл–Кыя шаарынын
«Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы: А. Маматов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/68 токтомуна №2-тиркеме
Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018–жылга
БЮДЖЕТИ
Чыгаша бөлүгү | сом |
Жер салыгы жана шаардын жергиликтүү бюджетине чегерүү | |
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы (1132 х 12,70) | 14 376 |
Жайыттарды пайдалануудан түшкөн акчанын 1/3 бөлүгүн шаардын жергиликтүү бюджетине чегерүү | 4 744 |
Бардыгы | 19 120 |
Пландалган иш-чаралардын чыгымдары | |
МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактар айыл-чарба шаймандары менен | 3 052 464 |
Жайыттарды жакшыртуу максатында көргөзмө участокторду кюштуруу | 6 000 |
Малдар суу ичүүчү жайларды уюштуруу | 60 000 |
Ветеринардык сервич үчүн жаӊы шартка ылайыкташтырылган имарат куруу | 270 360 |
Жол оӊдоо жана калыбына келтирүү иштерин улантуу (3 км) | 25 000 |
Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | 5 000 |
ЖПБ/ЖКнын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу | 10 000 |
Бардыгы | 5 858 824 |
Жайыт комитетинин чыгымдары (административдик чыгымдар) | |
Электр энергиясы | 3 600 |
Кызмат акы (төрага 4500*12=54000, бухгалтер 4000*12=48000) СФ чегерүүлөр ушул суммадан алынат | 102 000 |
Социалдык фондко чегерүү | 17 595 |
Командировкалык чыгымдар | 5 000 |
Транспорттук чыгымдар, күйүүчү-майлоочу материалдар (ЖК) | 5 000 |
Кеӊсе товарлары | 3 000 |
Башка чыгымдар | 8 000 |
Бардыгы | 144 195 |
Жалпы жыйынтыктоочу чыгымдар | 6 022 139 |
| |
Киреше бөлүгү | |
Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоорунун гранты (АРИС аркылуу) |
3 889 949 |
Жайыттарды пайдалануудан түшкөн акча (2920 МШБ х 47,94) | 140 000 |
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн акча (20 га х 3000 с) | 60 000 |
Башка демөөрчүлөр (шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу) | 1 887 875 |
Жалпы жыйынтыктоочу кирешелер | 5 977 824 |
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Кызыл–Кыя шаарынын
«Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы: А. Маматов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/68 токтомуна №3-тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) 2018–жылы АРИС аркылуу келген автогрейдерди пайдалалануу боюнча ТАРИФИ
Кубаттуулугу 129 кВт (176 а/к) болгон грейдер-элеватор менен жол жээктерин даярдоо | ||||||
К-р № | Беренелер | Өлчөө бирдиги | Чыгаша лардын нормасы же чыгаша лардын саны | Мото/ саатка базистик баа
| Баанын бардыгы |
|
Эксплуатациялык массасы 19 тонна болгон автогрейдерди иштетүүнүн өздүк наркы | ||||||
1. | Амортизация | сом | 1 | 361,15 | 361,15 |
|
2. | Дизельдик отун | кг | 12,6 | 46 | 579,6 |
|
3. | Күйүүчү-майлоочу материалдар (ГСМ) | кг | 1 | 13,03 | 13,03 |
|
4. | Гидравликалык май | кг | 0,27 | 87 | 23,49 |
|
5. | Машинистин эмгек акысы. | сом | 1 | 164,21 | 164,21 |
|
6. | Негизги жумушчунун эмгек акысы. Орточо 2-разряд. | сом |
|
| 0 |
|
7. | Механизмдер жана этият бөлүктөр | сом | 1 | 69,56 | 69,56 |
|
8. | Оӊдоо жана техникалык тейлөө | сом | 1 | 451,43 | 451,43 |
|
9. | Кайрадан базировкалоо | сом | 1 | 19,46 | 19,46 |
|
| Жыйынтыгы |
|
| 1681,93 |
|
|
| Кошумча чыгымдар К=95%, Н.Р=(з/пмаш+з/п осн.раб) 50% |
|
| 155,9995 |
|
|
| Пландаштырылган чогултуулар к=50%, П=(з/пмаш+з/п осн.раб) 50% |
|
| 82,105 |
|
|
| Тарифтин жыйынтыгы |
|
| 1920,035 |
|
|
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Кызыл–Кыя шаарынын
«Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы: А. Маматов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы)
2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/68 токтомуна №4-тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин автогрейдерди пайдалалануу боюнча келишим баланкасы
Келишим №_________
Транспорттук каражатты экипажы менен ижарага берүү
Ак-Булак а.
Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак ЖПБнин Жайыт Комитети, мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталган, анын атынан төрагасы А.К.Маматов, ________________________
негизинде аракеттенген, ______________________________________________________
______________________________________, анын атынан ______________________
___________________________________________________, мындан ары “Ижарачы” деп аталган башка тарап, биргеликте “тараптар” деп аталган эки тарап төмөнкү мазмунда келишим түзүштү.
КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
Ижарага берүүчү Ижарачынын арызынын негизинде, келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде Ижарачыга коммерциялык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө “Автогрейдерди” убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет, ошондой эле өзүнүн күчү менен техниканы башкаруу боюнча кызмат көрсөтөт.
Транспорттук каражатты пайдалануу анын эксплуатациядоо боюнча нускамасына карама каршы келбөөсү керек.
Ижарага берүүчүнүн кат жүзүндөгү макулдугу жок Ижарачы техниканы субарендага берүүгө укугу жок.
Ушул келишим боюнча келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде техника бир нече жолу ижарага берилиши мүмкүн.
Техниканы берүү-кабыл алуу Ак-булак айылынын Дружба Народов көчөсүнүн н/ж дарегинде жүргүзүлөт.
КЕЛИШИМДИН ШАРТЫ
Ижарага берүүчү кызмат акы үчүн өзүнүн күчү менен техниканы башкаруу жана техникалык эксплуатациялоо боюнча кызмат көрсөтүү менен техникасын Ижарачыга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет, ал эми Ижарачы ижара келишиминин мөөнөтү аякташы менен техниканы оӊ абалда кайтарат.
Ижарага берүүчү өзүнүн күчү менен ижарага берилген техниканы башкарууну жүргүзөт, экипаж мүчөлөрүнө кызмат акы төлөөнү, техникалык тейлөөнү жана эксплуатациялоо (КММ) боюнча чыгымдарды көтөрөт, оӊдоп түзөөнүн бардык түрлөрүн жүргүзөт.
Экипаж мүчөлөрү Ижарага берүүчүнүн жумушчулары болуп эсептелинет. Алар Ижарага берүүчүнүн техниканы башкаруу жана техникалык эксплуатациялоого тиешелүү буйруктарына, Ижарачынын техниканы коммерциялык эксплуатациялоого тишелуу буйруктарына баш ийишет.
Техниканын экипаж курамы жана анын квалификациясы ущул түрдөгү техниканы пайдалануунун жөнөкөй тажрыйбасынын жана келишимдин шартынын талаптарына жооп берүүсү керек.
Ижарачы ижара келишиминин мөөнөтү аякташы менен Ижарага берүүчүгө техниканы нормалдуу износту эске алуу менен тийиштүү техникалык абалда кайтарууга милдеттенет.
ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Ижарага берүүчү милдеттенет:
а) Ижарачыга ушул келишимге ылайык техниканы камсыз кылууга;
б) Ижарачыга ушул ижара келишиминин максатында, нормалдуу жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу менен техниканы башкаруу жана техникалык эксплуатациялоо боюнча кызматты көрсөтүүгө;
в) ижарага берилген техника үчүн ушул көрсөтүлгөн техникага тиешелүү транспорттук салыкты жана башка салыктарды, жыйымдарды төлөп турууга;
Ижарага берүүчү укуктуу:
а) техниканын пайдалануусуна көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн анын өндүрүштүк эксплуатациялоосун жумасына бир жолу бир сааттан көп эмес убакытка токтотууга;
б) ижара акыны төлөө боюнча карыз пайда болгон учурда, техниканын өндүрүштүк эксплуатациялоосун токтотууга;
в) техникалык тейлөө боюнча регламенттик иштерди жүргүзүү үчүн техниканын өндүрүштүк эксплуатациялоосун токтотууга;
3.3. Ижарачы милдеттенет:
а) техниканы акт менен кабыл алууну жана өткөрүп берүүгө, ушул келишимге ылайык ижара акысын төлөп турууга;
б) техниканы кабыл алууну жана кайтарылуучу объктиде сакталышын камсыз кылууга;
в) техниканы эксплуатациялоо ордун алмаштырбоону, башкаларга пайдаланууга бербөөнү, анын техникалык маалыматтарына туура келбеген деталдарды, түйүндөрдү жана конструктивдүү элементтерди орнотпоону;
г) техниканын иштөөсүндө кемчилдиктер аныкталган учурда, аны пайдаланууну дароо токтотууга жана Ижарага берүүчүгө кабар берүүгө;
д) ижаранын бүтүшүнөн кийин, же келишим токтотулган учурда, табыгий износту эске алуу менен техниканы акт боюнча нормалдуу эксплуатациялоо үчүн жарай турган абалда кайтарууга.
4. ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮН ТАРТИБИ
4.1. Ижара акынын баасы ушул келишимдин Тиркемесинде көрсөтүлөт. Ижара акыга күйүүчү майдын, айдоочунун кызмат акысы киргизилген.
4.2.Техника өткөрүп берүү-кабыл алуу актысына кол коюлган учурдан баштап өткөрүлүп берилди деп, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан баштап кайтарылды деп эсептелинет.
4.3. Ижара акысын төлөө Ижарачы тарабынан: аткарылган иштердин актысына кол коюлган жана счет-фактураны алган күндөн баштап 5 календарлык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
4.4. Ижара акы келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде Ижарага берүүчү тарабынан бир тараптуу кайра каралышы мүмкүн.
5. КЕЛИШИМДИН КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ
5.1. Келишим 20__-жылдын “____”_______________ баштап күчүнө кирет жана 20__-жылдын “____”_______________ ичинде күчүндө болот.
5.2. Келишимдин мөөнөтүнүн аякташына 1 айлык мөөнөт калганга чейин Тараптардын эч кимиси Келишимдин токтотуу жөнүндө билдирүү беришпеген учурда, келишимдин мөөнөтү 1 жылга узартылды деп эсептелинет.
6. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
6.1. Ижарачы ижара мезгили ичинде ижарага алган техниканын сакталышына толук материалдык жоопкерчиликти тартат. Ушул келишимде белгиленген мөөнөттө ижара акысын которууну кечиктиргени үчүн Ижарачы ар бир кечиктирилген күн үчүн ижара акынын 0,2% өлчөмүндөгү жазананы Ижарага берүүчүгө төлөп берүүгө милдеттүү. Техниканы ижара берүүдөн келип түшкөн акча каражаты биринчи кезекте жазананы жабууга, андан калганы учурдагы ижара акысын төлөөгө жумшалат.
6.2. Техникага, анын механизмдерине, түзүлүштөрүнө жана жабдууларына үчүнчү тараптан келтирилген зыян үчүн Ижарачы жоопкерчилик тартат.
6.3. Ижарачынын күнөөсү менен болгон техниканын авариялык ремонту техниканы калыбына келтирүү боюнча диагностиканын жана экспертизанын жыйынтыгы менен аныкталган бардык чыгымдар жана зыяндар киргизилген сумма Ижарачы тарабынан счет берилген учурдан баштап 5 календарлык күндүн ичинде төлөнүп берилет.
6.4. Ижарачынын күнөөсү менен техника токтоп калган учурда, ижарачынын аткарылбай калган жумуш көлөмүнө жана алынбай калган кирешесине Ижарага берүүчү жоопкерчилик тартпайт.
7. КЕЛИШИМДИ ТОКТОТУУ
7.1. Ушул келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүикүн:
– тараптардын кат жүзүндөгү макулдуктары боюнча;
тараптардын бирөөсү тарабынан келишимдик милдеттер олуттуу түрдө бузулган
учурда;
келишимди токтотуу датасына 3 күндөн кем эмес убакыт калганга чейин Ижарачыга билдирүү берип, Ижарага берүүчү келишимди бир тараптуу токтотууга укуктуу. Ижарачы 2 күн ичинде техниканы акт менен Ижарага берүүчүгө кайтарууга милдеттүү.
8. ТАЛАШ ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕЧҮҮНҮН ТАРТИБИ
8.1. Тараптардын ортосунда ушул келишим боюнча же ага байланыштуу келип чыгуучу бардык талаш тартыштар же пикир келиспештиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8.2. Пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолдору менен чечүү мүмкүн болбогон учурда, алар сотто каралууга тийиш.
8.3. Келишимде каралбаган маселелер боюнча мыйзамдар жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук актылары колдонулат.
9. КОНФИДЕНЦИАЛДУУЛУГУ
9.1. Ушул келишимдин шарттары жана макулдашуулары (протоколдор жана у.с) конфиденциалдуу жана жайылтууга жатпайт.
10. ФОРС–МАЖОР
10.1. Тараптардын каалоосунан жана эркинен тышкары пайда болгон,болжолдоого жана качуу мүмкүн болбогон, анын ичинде жарыяланган же болуп жаткан согуштун, жарандык толкундоолордун, эпидемиянын, блокаданын, эмбаргонун, жер титирөөнүн, суу ташкындоонун, өрттүн жана башка табыгий кырсыктардын Өзгөчө жагдайлар менен шартталган кырдаалдардын айынан милдеттенмелердин аткарылбай калышына тараптардын эч кимиси бири биринин алдында жоопкерчилик тартпайт.
11. БАШКА ШАРТТАР
11.1. Ушул келишимге киргизилүүчү ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде алар кат жүзүндө даярдалып, эки тарап тарабынан кол коюлган учурда гана күчүндө болот.
11.2. Ушул келишим 2 нускада даярдалды, бирдей юридикалык күчкө ээ.
11.3 Ушул келишимде каралбаган башка маселелер боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарын жетекчилике алышат.
12. ТАРАПТАРДЫН ДАРЕКТЕРИ ЖАНА БАНКТЫК РЕКВИЗИТТЕРИ
Ак-Булак ЖПБ _____ _________________________________
Алыш-бериш эсеби: 1350830034031969 А.б.эсеби: _______________________________
БИК: 135027 БИК: ______________________________________
Кызыл-Кийский филиал ОАО Айыл-Банк ____________________________________________
ОКПО: 26910952 ОКПО:______________________________________
ИНН: 01201201001010012 ИНН: _______________________________________
ЖПБ төрагасы: А.К.Маматов Жетекчи: ____________________________________
________________________ ____________________________________________
кол тамгасы кол тамгасы
“_____” _____________20____ж. “_____” _____________20____ж.
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Кызыл–Кыя шаарынын
«Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы: А. Маматов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/68 токтомуна №5-тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жайыттарды пайдалануунун тартип эрежелери
Ички жайытка мал көчүү 1-мартынан 15-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 20 майынан 10-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөттө белгиленсин.
2018-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
Корук уюштурууга аймактык башкармалыгы көмөк көрсөтсүн.
Караван аймактык башкармалыгында 2018-жылдын 1-апрелинен баштап бада уюштурулсун.
Бадага субай уй алып калууга тыюу салынсын.
Айылдардын четинде жайгашкан ички жайыттагы сарай ээлерине 1 ат, 1-2 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден ашык эмес мал алып калууга уруксат берилсин.
2018-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюшулгандыгына байланыштуу, мал ээлер кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтсүн.
Камакка түшкөн малга Кызылкыя шаарынын элдик курултайында жана шаардык кенештин сессиясында кабыл алынган чечимге ылайык айып салынсын.
Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга шаардын уставына жана Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, жоопкерчилик тартылаары эскертилсин.
Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы А.Маматовго милдеттендирилсин
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Кызыл–Кыя шаарынын
«Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы: А. Маматов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/68 токтомуна №6-тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу үчүн ар бир баш мал-жандыка алынуучу, жайытты башка максаттарга пайдалангандар үчүн жайыт акы төлөө боюнча тарифи жана жайыт акыны чогултуу графиги
№ | Малдын түрү | саны | ШМБ саны | 1 башка төлөнүүчү жайыт акы, сом |
1 | Кой, эчки | 7937 | 1587 | 30 |
2 | Жылкы | 159 | 159 | 100 |
3 | Уй, топоз | 1906 | 1906 | 60 |
| Баары |
| 3652 |
|
Жайытты башка максатка пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге 5 сомдон же огород катары тосуп пайдаланган жер үчүн 10 сомдон жайыт акы төлөнсүн, ар бир бал челек үчүн 20 сомдон жайыт акы төлөнсүн.
(Аймактык башкармалыктын аймагындагы малдын саны жана бир баш мал үчүн төлөнө турган жайыт акы өлчөмү ( малдын башы статистикалык маалыматтардан алынды)
Жайыт акыны чогултуу графиги
№ | Айлар | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XII | XII | |
1 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 5 | 5 | 5 | 5 |
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Кызыл–Кыя шаарынын
«Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы: А. Маматов