Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры №18/72
Кызыл–Кыя шаарынын 2019–2020–2021–жылдарга мекеме–ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3– коэффициенти жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 17–октябрындагы №231 Мыйзамынын 3–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337–беренесинин 6–пунктуна негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2018–жылдын 15–августундагы №46 протоколунун чечимин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2018–жылдын 7–августундагы №031/18/074/6093 катын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө түшүүчү каражаттарды көбөйтүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2019–2020–2021–жылдарга мекеме-ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн экономикалык–пландаштыруу зоналарга зоналдык К3–коэффициенти:
– шаардын аймагына – 1,2 өлчөмүндө;
– шаарга караштуу айылдардын аймагына – 1,0 (бир) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |