Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры №18/73
Кызыл–Кыя шаардык кеӊешине жаӊы кызматтык жеӊил автоунаа сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2018–жылдын 6–августундагы №45 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин жана жалпы эле шаар калкынын маселелерин өз убагында чечүүнү жана күйүүчү-майлоочу майларды, ремонттук материалдарды үнөмдүү колдонууну камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеӊешине шаардын жергиликтүү бюджетинин 2018–жылдын 1–январына карата калган эркин калдык каражатынын эсебинен жаңы үнөмдүү жеңил автоунаа сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго Кызыл–Кыя шаардык кеӊешине шаардын жергиликтүү бюджетинин 2018–жылдын 1–январына карата калган эркин калдык каражатынын эсебинен жаңы үнөмдүү жеңил автоунаа сатып алууга тиешелүү иш кагаздарды чогултуу жана автоунааны сатып алуу иштерин «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Мыйзамына негиз конкурс жарыялап, конкурстун негизинде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |