Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 73
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери жана 2019-жылга аткарылуучу иш милдеттери жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичтин 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы угулуп,2019-жылдын 15-январындагы элдик жыйында берилген отчеттук маалыматы ,элдик жыйында элдин суроо талабы менен кабыл алынган иш чараларды аткаруу милдеттери эске алынды.2019-жылга карата аткарылуучу иш милдеттери боюнча 2018-жылдын 3-декабрында айылдык Кенештин XIV сессиясында каралган иш чаралар планынын долбоору жактырылды. Аткарылган иштерди сүрөттөрү жана көрсөтмөлөрү менен көрүп,угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичтин 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичтин 2019-жылга түзүлгөн иш чаралар планы жактырылсын.
3. 2019-жылдын 15-январындагы элдик жыйында элдин суроо талабы менен кабыл алынган иш чараларды аткаруу милдеттери айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б.Көксариев |