Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 75
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2019-жылга карата иш планын бекитүү
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2019-жылга карата иш планынын долбоору 2019-жылдын 21-янарынан -25-январына чейин туруктуу комиссиялардын отурумунда талкууланып каралып чыкты.Кеңештин катчысы Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровна баардык сунуштарды эске алып түзүлгөн иш планды талкууга койду. Түзүлгөн жылдык иш пландын долбоорун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин иш планы бекитилсин.(иш план тиркелет).
2. Түзүлгөн иш план боюнча өз учурунда иш алып баруу туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Каралуучу жана ишке керектүү баардык маселелер боюнча даярдык иштерин алып баруу айыл өкмөт башчысы Чороевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |
БЕКИТЕМИН”
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы
______________________ О.Көксариев.
“________”_____________________ 2019-жыл
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2019-жылга ИШ ПЛАНЫ
№ | Тапшырмалар | Чаралар /иш-аракеттер | Пландаштырыл ган натыйжа | Аткаруу мөөнөтү |
1 | 2019-жылга Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү. | 1.1.Ар күнкү аткарыла турган иш аракеттерди анализдөө. 1.2.Иш кагаздарынын аткарылышынын ирээттүүлүгүн сактоо. 1.3.Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иш аракеттерин тактоо. 1.4.Жарандар менен иш алып баруу жана кабыл алуу күндөрүн жарандардын суроо талабы менен айкалыштыруу. 1.5.Тиешелүүкызматкерлер менен иш алып баруу. |
| 08.01.2019- 31.01.2019 |
2 | 2018-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыгын угуу, айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын өнүгүү планын бекитүү. | 2.1.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү. 2.2.Тиешелүү мекеме жетекчилери жана айыл өкмөт кызматкерлери менен иш алып баруу. 2.3. ФЭБ башчысы менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгашаларын эсептешүү,такташуу. 2.4.Келип түшкөн каттар боюнча,иштетүү ,келечектүү максаттарын,иш аракеттерин анализдеп акча каражатын бөлүштурүү. |
| 25.01.2019- 28.01.2019 |
3 | Мектептердин жылуулук системасынын иштеши,окуу-тарбия иштеринин жүргүзүлүшү,башталгыч класстарынын тамактануусунун сапаты боюнча иш алып баруу.
| 3.1.Туруктуу комиссиялардан жана коомчулуктан комиссиянын курамын тузүү. 3.2.Мекптерде болуп көзөмөлиштерин жүргүзүү. 3.3.Иштин жыйынтыгы менен маселени туркутуу комиссияда кароо. 3.4.Жүйөөлүү себептери жаралса туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде сессияга жөнөтүү. |
| 25.01.2019 20.03.2019 |
4 | 1)Жазгы талаачылык жумуштарына карата даярдыктар,дыйкандардын абалы,техникалардын абалы ж.б | 4.1. Айыл чарба адистерине ,салык кызматкерлерине ,айыл башчыларна тапшырмаларды берүү. 4.2.Трактористтер жана дыйкандар менен биргеликте жолугушуу жыйындарын өткөрүү. 4.3.Туруктуу комиссияда отурум өткөрүү,жаралган жана жыйынтыкталган маселелерди сессинын кароосуна жөнөтүү. |
| 01.02.2019 29.03.2019 |
5 | Шайлоо округдарында жазгы иштер жана калктын социалдык жашоо тиричилиги боюнча жолугушууларды өткөрүү. | 5.1.Айыл өкмөтүндө иштеген социалдык кызматкерлерге жана айыл башчыларга тапшырмаларды жөнөтүү. 5.2.Соц.анализ жүргузүлгөн ар бир айылдын жана калктуу конуштардын маалымат папкаларын түздуруп карап чыгуу. 5.3.Топтолгон иштин негизинде туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү. 5.4.Сессиянын кароосуна жүйөөлүү маселени жөнөтүү. |
| 01.04.2019 25.05.2019 |
6 | Айылдарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу. | 6.1.Айыл башчылардын бул иш боюнча иш чараларын карап чыгуу. 6.2.Айыл өкмөтүнө алынып келүүчү көчөттөрдүн отургузулушун жана бөлүштүрүлүшүн көзөмөлгө алуу. 6.3.Өсүп кетүүсү боюнча көзөмөлгө алууну мекеме-ишкана жетекчилерине жана тиешелүү кызматкерлерине ,айыл башчыларга сессиянын токтому менен милдеттендирүү,жоопкерчилигин суроо. |
| 25.03..2019
30.04.2019 |
7. | Малдарды жайытка чыгаруу убагы жана багуу баасы,айдап себүүнүн баасы.Элдик жыйындардын токтомдорун бекитүү. | 7.1.Айыл башчыларга тапшырма берүү,малчыларды чогултуп жыйын өткөрүү. 7.2.Жалпы элдик жыйын өткөрүү. 7.3.Туруктуу комиссияда карап чыгуу. 7.4.Сессинын кароосуна жана бекитуусүнө жөнөтүү.
|
| 30.03..2019-31.05.2019 |
8 | Суу түтүктөрүнүн, арыктардын, каналдардын абалы.
| 8.1.Айыл чарба адистери менен иш алып баруу,тапшырмаларды берүү. 8.2.Носостук станциялардын иштерин көзөмөлгө алуу. 8.3.Айыл башчылардын,айыл чарба адисинин,М-1,М-2 насосторунун жетекчилеринин аткарган иштери боюнча туруктуу комиссияда кароо. 8.4.Жүйөөлүү маселе такталса сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 14.01.2019- 31.01.2019 |
9 | Малдарды вакцинациялоо. Малдардын ооруларын алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшү. | 9.1.Ветеринардык адистердин иш пландары менен таанышуу. 9.2.Салыкчылар жана статист –экономист менен малдардын саны менен таанышуу. 9.3.Жайыт комитети менен малдардын саны боюнча такташуу. 9.4.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү,жүйөөлүү маселе такталса сессиянын кароосуна жөнөтүү.
|
| 10.05.2019- 28.06.2019 |
10 | Айыл өкмөтүнүн аймактык Т.Суранчиев атындагы ооруканасынын, №6.ҮДТнун жетекчилеринин маалыматтарын угуу. | 10.1.Комиссиянын курамын түзүү. 10.2.Иштеген кызматкерлердин иштөө графиктери жана иш пландары ,бөлүнгөн участкалары боюнча жүргүзүлгөн иштерди, оорулууларга,учетто турган оорулууларга берилген жардамдар боюнча маалыматтарды алуу. 10.3.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү.Сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 03.06.2019. 01.08.2019. |
11 | Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы. Айылдардын ички тартиби, участкалык инспектордун жүргүзгөн иштери. | 11.1.Комиссиянын курамын түзүү. 11.2.Иштеген кызматкерлердин иштөө графиктери жана иш пландары ,бөлүнгөн участкалары боюнча жүргүзүлгөн иштерди, кылмыш иштеринин каттоосу жана ачылышы боюнча маалымат алуу. 11.3.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү.Сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 03.06.2019. 01.08.2019 |
12 | Терек-Суу жана Уста –Сай почта бөлүмдөрүнүн башчыларынын маалыматтарын угуу. Пенсия, пособиялардын берилиши. Соц.адис. соц.тейлөөчүлөрдүн иштери,пособиянын чегерилиши. | 12.1.Комиссиянын курамын түзүү. 12.2.Иштеген кызматкерлердин иштөө графиктери жана иш пландары ,бөлүнгөн участкалары боюнча жүргүзүлгөн иштерди, канча адамга көмөк пул жана пенсия таркатылат,канча адамды үйүнөн тейлешет ж.б.маалымат алуу. 12.3.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү.Сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 05.08.2019- 30.09.2019 |
13 | Балдар бакчасынын иши. Балдардын сабактары, тамактануусу ,режимдин аткарылышы. | 13.1.Комиссиянын курамын түзүү. 13.2.Тарбиячылардын жана нянкалардын иштөө графиктери жана иш пландары ,өтүлгөн сабактары,тарбиялык иштерин кароо. 13.3.Жалпы бала бакчанын абалы боюнча маалымат алуу. 13.4.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү.Сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 01.04.2019-30.04.2019 |
14 | Эгиндерди сугаруунун абалы,айдап себүүнүн жыйынтыктары | 14.1.Комиссиянын курамын түзүү. 14.2.Айыл чарба адисинин жана статист-экономисттин отчеттук -маалыматтарын кароо. 14.3.Туруктуу комиссияда отурум өткөрүү. |
| 02.04.2019 30.05.2019 |
15 | Мектептердин ремонт иштери, билим-тарбия иштеринин жыйынтыктары Жаңы окуу жылына даярдыктар. | 15.1.Комиссиянын курамын түзүү. 15.2.Мектептин ремонтуна бөлүнгөн акча каражатынын жумшалышы боюнча тиешелүү кызматкерлер менен иш алып баруу. 15.3.Мектептерде болуп ремонт иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүү. 15.4.Туруктуу комиссияда отурум өткөрүү. |
|
01.07.2019- 15.08.2019 |
16 | Күзгү жыйым-теримдин жыйынтыгы ,Калктын жана мекемелердин кышка даярдыгынын абалы. | 16.1.Комиссиянын курамын түзүү. 16.2.Айыл чарба адисинин жана статист-экономисттин отчеттук -маалыматтарын кароо. 16.3.Баардык мекеме ишканаларда болуу,айыл башчылардан калктын кышка даярдыгы боюнча маалымат алуу. 16.4.Туруктуу комиссияда отурум өткөрүү.Сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 02.09.2019-31.10.2019
31.10.-2019 29.11.2019 |
17 | Жалпы калктын социалдык –экономикалык абалына анализ. Шайлоо округдарында жолугушууларды өтүү. | 17.1.Жолугушуу графиктерин түзүү. 17.2.Тиешелүү адистер менен биргеликте жолугушууларга баруу. 17.3.Туруктуу комиссиянын отурумн өткөрүү. 17.4.Каралган маслелер боюнча сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 15.10.2019- 15.11.2019 |
18 | Маданият кызматкерлеринин маалыматын угуу. клуб,китепкана,музей. | 18.1.Комиссиянын курамын түзүү. 18.2.Иштеген кызматкерлердин иштөө графиктери жана иш пландары ,аткарган иштери боюнча маалымат алуу. 18.3.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү.Сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 15.10.2019- 15.11.2019 |
19 | Коомдук уюмдардын жургүзгөн иштери .Мечит. Имамдардын ысырапкорчулукка карата жүргүзгөн иштери. | 19.1.Комиссиянын курамын түзүү. 19.2.Имамдардын аткарган иштери боюнча маалымат алуу.Айыл башчылардын маалыматын угуу. 19.3.Туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү.Сессиянын кароосуна жөнөтүү. |
| 15.10.2019- 15.11.2019 |
20 | Жылдын жыйынтыгы.Калк үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүү. | 20.1. Айыл өкмөтүнүн жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалыматын угуу. 20.2.Тиешелүү баардык мекеме ишканалардын жылдын жыйынтыгындагы аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматтарын угуу. 20.3.Туруктуу комиссияда кароо,сессиянын кароосуна сунуштоо. |
| 15.11.2019- 25.12.2019 |
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Эсенбекова