Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 76
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн типтүү тузүмүн жана штаттык санын бекитүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы№ 403-токтомун жетекчиликке алып Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровна билдирүү жасады.Айыл өкмөтүндө эмгектенип жаткан аппарат кызматкерлери жөнүндө толук маалымат берип,калктын санына жараша штаттык сандын(миң адам) бекитилиши ,2019-жылга калктын саны 8298 экендиги айтылды.Аскерге милдеттүүлөр- 16-17-жаштагылар 156, 18-45 жаштагылар 20194 адам экендиги такталып башталгыч аскер кызматы боюнча 2 адис,4 айыл башчы 3 кенже тейлөөчу кызматкер жалпы 21 штаттык бирдик боюнча маалымат берилди. Маалыматты угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы№ 403-токтомун жетекчиликке алып Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин..
2. Жергиликтүү маанидеги иштер боюнча функцияларды бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы № 403- токтому менен бекитилген айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чегинде кызмат орундарынын категорияларынын ортосунда ишке ашырылсын.
3. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата типтүү түзүмү жана штаттык саны боюнча мыйзамдуу иш алып баруу айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |