Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 78
Кетмен-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери жана 2019-жылга карата иш пландарын бекитүү
Кыргыз Респулбликасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштеп жаткан Кетмен-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата иш пландарын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбаев Улан Акышович жана бюджети боюнча бухгалтери Масирбаев Урматбек Токтобековичтин отчеттук маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кетмен-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджети 440600сомго бекитилсин.(тиркеме №1)
3. Жайыт комитетинин техникаларынан топтолуучу акча каражаттары 424000 сомго бекитилсин. “Хоба” автомашинасы келген учурда фронталдык погрузчиктен чогултула турган акча каражаттарына өзгөртүү киргизилсин.(тиркеме №2)
4. МТЗ-82,1 тракторунан чогултула турган акча каражаттары жазгы айдоо-себүү мезгилинде хронометраж жүргузүү аркылуу такталсын.
5. Малдын баасы кара малдар үчун -90 сомго,жандык малдар үчун -18 сомдан,малдарды жуутка салуу мал башына 12 сомдон бекитилсин.
6. Жайыт багытындагы жерден көрктөндүрүу жана жашылдандырууга берүүгө 1 жылга 1га.жерге 500 сомдон жайыт салыгы бекитилсин
7. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
8. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |