Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 80
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кароо жөнүндө
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат, экология, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комитетинин 2019-жылдын 23-январында өткөрүлгөн отурумунун протоколу боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери боюнча адиси Мурзабеков Рысбек маалымат берди.Отурумда каралган маселелерди сессиянын кароосунда угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышы- нын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүууштүрүү фондусунун жерлеринен көп жылдык мөөнөт менен 24 гектар 50 сотых жерди пайдаланып жүргөн Акимбаев Дамирбектин айдоо жерлери КР жер кодексинин 13 статьясына ылайык жана КР жер кодексинин 66 статьясынын 5 пунктуна ылайык иш жүргүзүлсүн.
2. М-2 каналындагы жана башка участкалардагы ажырык басып көп жылдан бери пайдаланылбай келген айдоо жерлерди айдоого аукционсуз 3 жылдык мөөнөт менен ижара акысынан бошотуу жолу менен берилсин.
3. Бөксө,Терек,Тытты,Жерге-Тал,Барчын,Жаны-Арык участкаларында мыйзамсыз курулган курулуштарды тактоо жагы сессияда тузүлгөн комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Айыл аймагында курулуш иштерине алына турган топурак жана шагыл баскан жерлерди мыйзамдуу кылып чектеп берүү жана көзөмөлдөө жагы айыл башчыларга жана жер адистер Жөлөковго,Мурзабековго милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн жер балансасында турган алыскы участкалардагы чөп чабынды жерлер жана көп жылдан бери жайыт катары пайдаланылып келген кайрак жерлерди жайыт жердин категориясына которуштуруу жана ал жерлердин ордун айылга жакын болгон жайыт жерлерден мыйзам чегинде которуштуруу Кыргыз Гипрозем менен иштелип чыксын.Иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери боюнча адиси Р.Мурзабековго,жумшалуучу акча каражатын чечип берүү ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
7. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |