Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 81
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу 2010-жылы түзүлгөн.Уюмдун негизги милдети катары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп,борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде ,укуктук негизде,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоп келе жатат.Союздун мүчөлөрү болуп республикадыгы баардык шаардык жана айылдык ЖӨБ органдары саналат.2017-2020-жылдарга карата Союздун Программасы жана иш планы каралып жактырылган.Союзга мүчөлүк акынын өлчөмү ,Уставда бекитилгендей ,айыл аймагынын калкынын санына жараша ,бир кишиге 1 сомдон жылына бир жолу төлөө чечими кабыл алынган.Келип катталган каттар менен жооптуу катчы Эсенбекова тааныштырып маалымат берди.Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын сапаттуу коргоодо Союздун натыйжалуу иштеши үчүн Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 10.01.2019-жылга карата 8298 адамга мүчөлүк акы Союздун Уставында бекитилгендей , бир кишиге 1 сомдон жылына бир жолу төлөө чечиминин негизинде 8298 сом төмөнкү көрсөтүлгөн эсеп счетуна которулуп берилсин.
ИИН 01007200610098. ОКПО 24179086, ЗАО“БТАБАНК”, БИК119001, Р/СЧ.1190011000077067.
2. Өз учурунда акча каражатын которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшаковага жана өкмөт башчысы Чороевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |