Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 82
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылынын ичүүчү суу системаларын оңдоо максатында Кытай Эл Республикасы тарабынан каржылануучу долбоор боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер –министринин региондор боюнча жумушчу иш сапарынын убагында Терек-Суу айылынын тургуну К.Жумабаевдин жана башка жарандардын жазган арыздарын жана видео тасмаларын карап чыгып Кытай Эл Республикасы тарабынан каржылануучу долбоордун тизмесине болжолдуу баасы 68,4 млн сом каражаты менен киргизилээри жана курулуш иштери 2019-2020-жылдары жүргүзүлүшү күтүлүп жатканын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура ,курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан айыл өкмөтүнө 26.12.2018 № 18/кл-853, № кл-41771.14.12.2018-жылдагы каты боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Жөлөковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура ,курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан айыл өкмөтүнө 26.12.2018 № 18/кл-853, № кл-41771.14.12.2018-жылдагы каты жактырылсын.
2. Бул иш чараны аткаруу максатында Терек-Суу айылынын ичинде дефект актыларды түзүү жагы муниципалдык менчик боюнча адис Т.Жолоковго жана айыл башчы Т.Назарбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |