Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 83
“Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын VI главасынын 31 пунктунун негизинде ушул уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы ,жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы,жеке жана үй бүлөлүк үлгүлүү жүрум-туруму,кайрымдуулук ишмердүүлүгү,аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү,жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык сыйлоо чараларын көрүү боюнча Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча айылдык кенештин депутаттарынын, айыл аймагынын тургундарынын сунуштары бекитилсин.
2. Айыл аймагынын тургуну Өмүрбаев Акыш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу салтанатын жоопкерчилик менен жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |