Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 15/3
Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылындагы “Бактылуу бала” бала бакчасына кошумча жаңы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалыкбаасы 3 232 135 (үч миллион эки жүз отуз эки миң бир жүз отуз беш) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ийри-Суу айылындагы курулуп жаткан бала-бакча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 484 821 (төрт жүз сексен төрт миң сегиз жүз жыйырма бир) сом каражаты, 2019-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |