Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №15/5
ЖЧК «Орто-Нура авто мектебине» Орто-Нура айылындагы маданият үйүнөн ижарага бөлмө берүү жөнүндө
ЖЧК «Орто-Нура авто мектебине» Орто-Нура айылындагы маданият үйүнөн ижарага айылды өнүктүрүү максатында айдоочулук курамды даярдоого бөлмө жана кырман участогунан жер берүүнү сурайт. Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК «Орто-Нура авто мектебине» Орто-Нура айылындагы маданият үйүнөн ижарага жалпы аянты 136,18 кв.м болгон бөлмө жана кырман болуп турган кырман аянтынан 0,70 сотых жер аянты 10 (он) жылга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |