Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 15/7
Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Таалайбектин арызын кароо жөнүндө
Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Таалайбек Орто-Саз айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен ижарага 5 га жер алган. Ошол жерге карьерден суу чыгаруу үчүн уруксаат сурайт. Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Таалайбекке ижарага алган 5 га жерине карьерден суу чыгаруу үчүн уруксаат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |