Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2019-жылдын 19-январы №16/2

Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы «Чон-Эне» балдар бакчасынын 22-ноябрь 2018-жылдагы №72 кайрылуусун кароо жөнүндө

(Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 29-январындагы №23/8 токтомунун редакциясына ыйлайык)

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн, айылдык Кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Молдогазиевдин «Чон-Эне» балдар бакчасынын 22-ноябрь 2018-жылдагы №72 кайрылуусун кароо жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXVII чакырылышынын XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    «Чон-Эне» балдар бакчасынын 22-ноябрь 2018-жылдагы №72 кайрылуусу боюнча кошумча тарбияланууга 50 бала алууга уруксаат берилсин.

(Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 29-январындагы №23/8 токтомунун редакциясына ыйлайык)

2. Балдар бакчаларга ата-энелерден алынуучу толом ар бир айдын 5-чи числосунан кечиктирилбестен ошол ай учун толук тогуп туруу жана 60 баланы толук кабыл алуу балдар бакчасынын башчылары Т.Бейшалиевге милдеттендирилсин жана акча каражатты убагында токпосо чара корулсун.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков