Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы № 2
Күн тартибинде каралуучу Калба айыл аймагында жайгашкан Кара-Дөбө участкасына ат коюу жана айыл статусун берүү жөнүндө
Калба айыл аймагынын Кара-Дөбө участкасына айыл статус берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл аймагынын Кара-Дөбө участкасында жайгашкан жаңы конуштарга айыл статусу берилсин.
2. Жаңы конуштарга “Беш-Таш” айылы деген ат берилсин.
3. Айыл статусун жана ал айылдарга “Беш-Таш” айылы деген атты бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |