Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы №4
Күн тартибинде каралуучу Калба айыл өкмөтүндө жайгашкан А.Огонбаев айылындагы С.Дөлөталы көчөсүн жарыктандырууга техникалык иш-кагаздарды алуу жөнүндө маселе каралып, Калба айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Огонбаев айылына жарыктандырууга техникалык иш-кагаздарын алуу керектүү деп табылсын.
2. А.Огонбаев айылындагы С.Дөлөталы көчөсүндө узундугу 2,800 метр тилкесине жарыктандырууга керектүү техникалык иш-кагаздар Калба айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга укугу берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |