Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы №5
Күн тартибинде каралуучу Калба айыл өкмөтүндө жайгашкан Калба айылындагы Ажыгул көчөсүн жарыктандырууга техникалык иш-кагаздарды алуу жөнүндө маселе каралып, Калба айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айылына жарыктандырууга техникалык иш-кагаздарын алуу керектүү деп табылсын.
2. Калба айылындагы Ажыгул көчөсүндө узундугу 1000 метр тилкесине жарыктандырууга керектүү техникалык иш-кагаздар Калба айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга укугу берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |