Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-февралы №8
Күн тартибинде каралуучу Калба айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата Бал-Бал айылындагы “Шаарбүбү апа” бала бакчасынын жана аппаратка тиешелүү “спец средства” атайын каражаттарынын киреше, чыгаша боюнча жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө
Калба айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жылдык бюджетин бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала бакчага ата-энелерден түшүүчү 241,9 миң сом акча өлчөмүндөбекитилсин.
2. Айыл өкмөттүн өздүк эсебинен 390,0 миң сомакча каражаты белгиленип бекитилсин.
Чыгаша булактары:
Жогоруда каралган 241,9+390,0=631,9 миң сом акча каражаты төмөнкү статьяларга белгиленип бекитилсин.
2218 ст. “Тамак аш, бала бакчага” -470,4 миң сом (241,9+228,5)
2221 ст. “Ремонт үчүн” -6,0 миң сом
2222 ст. “Сатып алуу” -75,5 миң сом
2222 ст. “Дары-дармекке” -50,0 миң сом
2224 ст. “Көмүр” -30,0 миң сом.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айыл Кенеши алдындагы бюджет бюнча комиссиясына жана айыл өкмөттүн киреше экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |