Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-февралы №12
Күн тартибинде каралуучу Калба айыл аймагына караштуу Калба айылындагы А.Солтонов мектебинин жер аянтынан бала-бакчага жер бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы №48б токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Калба айлындагы А.Солтонов атындагы орто мектебине тиешелүү 27721,4 м2 деген цифра 24977,4 м2 алмаштырылып өзгөртүлсүн.
3. Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектебинин жер участогунан 2744,0 м2 жер участогу бөлүнүп, бала-бакча куруу үчүн мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн убакытка бекитилип берилсин.
4. Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан А.Солтонов орто мектебинин мамлекеттик актысына өзгөртүү киргизилип бала-бакча жана А.Солтонов орто мектебине жаңы мамлекеттик актысын жасап берүү жагы суралсын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |