Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну №21
Күн тартибинде каралуучу Калба айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Калба айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин III-IV-кварталдан II-кварталга олтургузуу максатында Калба айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл Кеңеши 2018-жылга бюджетти бекитүү учурунда киреше жана чыгаша булактарын баланска ылайыкташ үчүн билим берүү тармагы боюнча III-IV-кварталга олтурулуп калганына байланыштуу кайрадан II-кварталга олтургузулуп берилсин.
2. 2224-статьядан III-IV-кварталдан II-кварталга 500,0 миң сомду, 2231-статьядан III-IV-кварталдан II-кварталга 100,0 миң сомду, 2215-статьядан III-IV-кварталдан II-кварталга 110,2 миң сом акча каражаттары олтургузулуп берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |