Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну №22
Күн тартибинде каралуучу Калба айыл өкмөтүнүн эсебине түшкөн 3 млн акча каражатты айыл өкмөтүнүн кеңсесинин капиталдык ремонту жөнүндө
Калба айыл өкмөтүнүн эсебине Республикалык бюджеттен түшкөн 3 млн акча каражатты айыл өкмөттүн кеңсесин капиталдык ремонт жасоо максатында Калба айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл Кеңеши Калба айыл өкмөтүнүн эсебине Республикалык бюджеттен түшкөн 3 млн акча каражатты айыл өкмөттүн кеңсесин капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөттүн өздүк эсебине түшкөн акча каражатын өз убагында отургузуу жагы Калба айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Солтонгелдиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |