Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-августу №24
Калба айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Калба айылындагы жаңы конуштарга электр энергиясын пайдалануу үчүн трансформатор жок болгондугуна байланыштуу жер участогун бөлүп берүү керектигин карап көрүп Калба айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл өкмөтүнүн Калба айылындагы Басылбек көчөсү менен аты жок мончо жайгашкан көчөнүн кесилишине аянты 3мх3м жерге трансформатор койгонго макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлдөө жагы Калба айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |