Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-августу № 30
Калба айыл аймагынын А.Огонбаев айылына жаны мектеп имаратын салуу керек экендигин карап чыгып Калба айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл аймагына А.Огонбаев айылына жаны мектеп имаратын салуу үчүн тиешелүү жер тилкеси чектелип берүү жагы каралсын.
2. Калба айыл аймагынын А.Огонбаев айылына жаны мектеп имаратынын курулушуна _________ метр аралыгына таза-суу түтүктөрүн киргизүү керек экендиги белгиленсин.
3. М.Козубекова атындагы орто мектебине тиешелүү 24634,6 метр квадрат жер тилкесинен ТП (трансформатор) чордонун орнотуу жана электр чубалгыларын тартуу үчүн 3м х 3м жер тилкесин бөлүнүп берүү жагы каралсын.
4. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы жана мектеп имаратын салуу үчүн М.Козубекова атындагы орто мектебинин 24634,6 метр квадрат жер тилкесинен бөлүп берүү жана таза-суу түтүктөрүн тартуу Калба айыл өкмөт башчысы: Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |