Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-октябры № 32
Калба айыл аймагынын Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектебин кичи ремонттон өткөрүү керек экендигин карап чыгып Калба айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл аймагынын Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектебинин айнегин алмаштырууга жана экинчи кабаттагы бош жерге кабинет ачуу үчүн тендөөчү грандтан тушкөн 1000000сом акча каражатына тиешелүү иш-кагаздары толукталып ремонт иштери аткарылсын.
2. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы: Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |