Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-октябры №35
Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектебине электр энергиясын пайдалануу үчүн трансформатор орнотууга жер участогун бөлүп берүү керектигин карап чыгып Калба айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл өкмөтүнүн Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектебинин аянтынан 3м х3м жерге трансформатор койгонго макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |