Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры № 37
Калба айыл аймагынын Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектебин кичи ремонттон өткөрүү керек экендигин карап чыгып Калба айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл аймагынын Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектебинин эшиктерин алмаштыруу, музейин ондоого жана коридордогу бош жерге кабинет кошумча ачуу үчүн Республикалык бюджеттен түшкөн 1000000сом акча каражатына тиешелүү иш-кагаздары толукталып ремонт иштери аткарылсын.
2. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы: Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |