Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 9
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына айрым ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын төрагасынын корутундусун угуп, Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына айрым ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишим бекитилсин.
2. Кара-Сууу айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т. Малабеков |