Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-февралы № 7
Атуулдардан келип түшкөн арыздар, билдирүүлөр жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Бекбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Жаныбеков атындагы №46 Кара-Суу жалпы билим берүүчү мектебинин окуучуларына, маданият үйүнүн спорт залын күндүзү 10 00 дон 17 00 гө чейин сабакта пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Келишим түзүп, тиешелүү кагаздарын тактап берүү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Бекназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |