Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-февралы № 8
Айыл өкмөт башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иши “канааттандыраарлык” деп баалансын.
2. Айылдын инфраструктурасын жогорулатуу боюнча мындан ары да алгылыктуу иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |
Кара-Суу айылдык кенешиннин бюджет жана каржы комиссиясынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жана 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бөлүнүшү жөнүндө корутунду.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген планы 8260,5 мин сом
Тендөөчү гранттан 5309,6 мин сом
Өздүк киреше 2950,9 мин сом
Ал эми 2018-жылга пландын аткарылышы 11035,3 мин сомду түзүп, тактап айтканда
Тендөөчү гранттан: 5309,6 мин сом
Өздүк кирешеден: 3475,6 мин сом
Респуликалык бюджеттен: 1000,0 мин сом
Эмгек акыга кошумча каражаттар 1250,1 мин сомду түзгөн.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 117,8 % га аткарылып, 524,7 мин сомго пландан ашык аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 10124,9 мин сомду түзүп, үнөмдөлгөн жана тендерден калган суммулар 261,7 мин сом болсо,пландан ашкан 524,7 мин сом мененжалпы 1-январь 2019-жылга 887,8 мин сом акча каражат калдык калды.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылда аткарган иштери туралуу айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясы канаттандырарлык деп тапты.
Айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясы 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетининкиреше бөлүгүнүнпланы Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин Аксы башкармалыгы тарабынан берилген контрольдук цифрасы 9063,0 сом болсо, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 1-январь 2019-жылга карата калган 887,8 мин сом менен кошо 9950,8 мин сомго жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясы карап чыгып бекитти.
Тактап айтканда.
Корголгон беренелерге эмгек акы үчүн аппарат кызматкерлерине 4202,7 мин сом
Маданият кызматкерлерине 464,3 мин сом
Жалпы корголгон беренелер боюнча: 4667,0 мин сом
Багытталган беренелерге 1396,0 мин сом
Муктаждыктарга жараша калган беренелерге бөлүнгөнү 3887,8 мин сом
1.А/к бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасы: А. Чалыбаев
2.А/к бюджет жана каржы комиссиясынын мүчөсү Д. Минбаев
3.А/к бюджет жана каржы комиссиясынын мүчөсү Р.Барпиев
4.А/к бюджет жана каржы комиссиясынын мүчөсү С. Шалпыков
5.А/к бюджет жана каржы комиссиясынын мүчөсү
жана катчысы: Н. Тойгонбаев