Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-февралы № 9
Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 3728,5 (үч миллион жети жүз жыйырма сегиз мин беш жүз ) сом, теңдөөчү грант 5334,5 (беш миллион үч жүз отуз төрт мин беш жүз ) сом, жайыт пайдалануу үчүн төлөмдөр 600,0 (алты жүз мин ) сом ата энелер төлөмү 300,0 (үч жүз мин) сом кошулуп, жалпысы: 9063,0 (тогуз миллион алтымыш үч мин) сом суммасында № 1 тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин трансферттеринин болжолдуу көлөмү бекитилсин. Өздүк бекитилген киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
3. Ата-энелер төлөмдөрүнөн түшүүчү 300,0(үч жүз мин) сом акча каражаты 2019-жылга атайын каражаттар бөлүгүнө планга кошулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 80,0(сексен мин) сом өлчөмүндө Айыл Өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
5. Кыргыз Респуликасынын Финансы министрлигинин Аксы башкармалыгы тарабынан берилген кошумча уведомленияларга негиз бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Т. Тилекбаевге милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрү боюнча аткарууну Айыл өкмөттүн салык инспектору Э. Ызабековго милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403-токтомуна негиз айыл өкмөттүн 9 (тогуз) айыл башчысынын ордуна 8 (сегиз) айыл башчы, жетектөөчү адистин айлык акысынын денгээлинде, 3(үч) кызматкер аскердик учетко алууга, айлык акылары адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
8. Кара-Суу айыл окмотунун 2019-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги 887780,30 сом калдык акча каражатынан 70629-бөлүмүнүн 22141100-беренесине 200,0 (эки жүз мин) сом акча каражаты (бензин дизель жана башка күйүүчү майлоочу майлар) айыл өкмөтүнүн аймагында чарбалык иштерди аткарууга бөлүнүп берилсин.
9. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70629-бөлүмүнүн 22141200-беренесине. 100,0 (бир жүз мин) сом акча каражаты (запастык бөлүктөрдү алуу) айыл өкмөттүн аймагында чарбалык иштердин аткаруу техникалардын ремонтуна бөлүнүп берилсин.
10. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70629-бөлүмүнүн 22221200-беренесине 60,0 мин сом, Бөктөр айылынын сугат суу келүүчү алыштын башын ондоого, 15,0 мин сом Көлмө айылынын сугат суу келүүчү алыштын башын оңдоого бөлүнүп берилсин.
11. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70921-бөлүмүнүн 31112290-беренесине 100,0 мин сом Жаныбеков орто мектебинин спорт аянтчасынын жаны долбооруна өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
12. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70911-бөлүмүнүн 31123290-беренесине 20,0 мин сом “Элнуру” бала бакчасына эмеректерди алууга бөлүнүп берилсин.
13. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 290,0( эки жүз токсон мин ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
15. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы бөлүм башчы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевге милдеттендирилсин
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджети боюнча маалымат.
классификация | мазмуну |
|
|
| бюджеттин бардык чыгашалары |
| 9363,0 |
| анын ичинен: |
|
|
2111 | башкаруу аппаратынын маянасы |
| 3661,3 |
2121 | соц/фондтүк төлөмдөр |
| 541,4 |
2211 | кызматтык кыдыруулар |
| 150 |
2212 | байланыш кызматы |
| 14 |
2214 | транспорттук кызматтар |
| 120 |
2215 | башка кызмат көрсөтүүлөр |
| 874 |
2222 | чарбалык максаттар үчун сатып алуулар |
| 50 |
2224 | көмүр сатып алууга |
| 42 |
2231 | электр энергиясы учун |
| 74,8 |
2824 | резерфдик форд |
| 80 |
| башкаруу аппаратынын чыгымдары |
| 5607,5 |
2215 | башка кызмат көрсөтүүлөр |
| 400 |
| Экономикалык маселелер чыгымдары б-ча |
| 400 |
2214 | күйүүчү майларга (диз. топливо) |
| 200 |
2215 | башка кызмат көрсөтүүлөр |
| 350 |
2221 | учурдагы ондоо иштери үчүн |
| 270 |
2222 | чарбалык максаттар үчун сатып алуулар |
| 170 |
| турак жай коммуналдык кызматтары боюнча |
| 990 |
2111 | маданият кызматкерлеринин маянасы |
| 396 |
2121 | соц/фондтук төлөмдөр |
| 68,3 |
2215 | башка кызмат көрсөтүүлөр |
| 50,0 |
| маданият бөлүмү боюнча |
| 514,3 |
2213 | ижара акы |
| 12 |
2218 | тамак аш азыктарын алууга |
| 198 |
2222 | учурдагы ондоо иштери үчүн |
| 150 |
2224 | көмүр сатып алууга |
| 236 |
2231 | электр энергиясы учун |
| 445,2 |
3111 | башка курулмаларды куруу |
| 490 |
3112 | башка эмеректерди жабдууларды алуу |
| 20 |
| билим беруу тармагы боюнча: |
| 1551,2 |
1423 | тамак аш азыктарын алууга |
| 300 |
| атайын каражаттар билим беруу боюнча |
| 300 |
|
|
|
|
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: Бекназаров Р.
Бөлүм башчы: Тилекбаев Т.