Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №134/25-7
Кара-Көл шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Көл шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчетун жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Көл шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштары эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча эсептелбей калган жер салыктары 548,0миң сом, эсептелбей калган ижара акылары 1250,5миң сом акча каражаттарын өндүрүп жана сапар чыгымдарына ашыкча төлөнгөн 4,8 миң сом каражатты ордуна коюу иштерин жүргүзүү шаардык ММБна (Э.Э.Бабаканов) жүктөлсүн.
3. Шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), шаардык ММБна (Э.Э.Бабаканов) төмөндөгү социалдык объектилерди кайтарып алуу иштерин жүргүзүү жана өз багытында иштетүү милдеттендирилсин:
Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын балансында турган М.Сабиров көчөсүндө жайгашкан 2(эки) кабаттуу 300 орундуу, аянты 9369,3чарчы метр түзгөн бала бакчаны;
Каскад Токтогул ГЭСинин балансында турган М. Сабиров көчөсүндө №718 Аскер бөлүгү жайгашкан 2(эки) кабаттуу 200 орундуу, аянты 12431,1 чарчы метр түзгөн бала бакчаны;
Каскад Токтогул ГЭСинин балансынан жеке менчикке өтүп кеткен З.Л.Серый көчөсүндө жайгашкан типтүү эмес (барак), авариялык абалда аянты 15000,0 чарчы метр түзгөн бала бакчаны;
Б.Абдрасуловага 0,08 чарчы метр жана С.Мамбеталиевага жеке менчикке берилип кеткен аянты 1518,08 чарчы метр Токтогул көчөсүндө жайгашкан типтүү эмес (барак) өрттөнүп кеткен каттоодон өтпөгөн “Ромашка” бала бакчаны;
Т.Ш.Шекербековага жеке менчикке берилип кеткен К.Б.Хуриев көчөсүндө жайгашкан аянты 1316,92 чарчы метр түзгөн балдар музыкалык мектеби.
4. Шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), шаардык ММБна (Э.Э.Бабаканов) ММБнын балансына өткөрүп алынган Токтогул көчөсүндөгү “Колокольчик” бала бакчасынын ордуна шаардык бюджеттин акыбалына жараша долбоор түзүү менен жаңы бала бакча куруу аракеттерин жүргүзүү сунушталсын.
5. Шаардык мэрия (И.М.Еркеев) аудиттин отчетунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди шаардык мэриянын коллегиясында карап, кемчилик кетирүүгө жол берген кызматкерлерге тиешелүү чараларды көрсүн жана мындан ары аудитте көрсөтүлгөн кемчилдиктерге жана катачылыктарга жол бербөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
6. Шаардын мэри И.М.Еркеев, ММБгынын башчысы Э.Э.Бабаканов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкулов Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарууну көзөмөлгө алсын.
7. Шаардык мэрия (И.М.Еркеев) шаардык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, экономиканы, мамлекеттик жана финансылык башкарууну жандандырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык колдоо көрсөтүүнү өстүрүүгө жана жергиликтүү бюджеттин туруктуу өсүшүн камсыз кылууга багытталган реалдуу пландарды иштеп чыксын. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн толук кандуу аткарылышын камсыз кылуу жана шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышын камсыз кылууну уюштурсун.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ШММБна (Э.Э.Бабаканов) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |