Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №135/25-7
Кара-Көл шаарынын 2019-жылдагы шаардык бюджетинен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорго үлүш жөнүндө
Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын 31.12.2018-ж. №05-10/2963 чыгыш сандуу катындагы маселелер боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриянын социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы же 2019-жылдын “Өнүгүү бюджетинин” иш планынын реестринде сунушталган үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорго үлүштүн жалпы суммасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу 2019-жылдын 1-мартына чейин шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ШММБна (Э.Э.Бабаканов) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага Б.Н.Кыргызалиев
Кара-Көл шаардык кеңешинин
2019-жылдын 17-январындагы
XXV сессиясынын №135/25-7
сандуу токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаарынын 2019-жылга шаардык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун
РЕЕСТРИ
Миң сом
№ |
Долбоордун аталышы |
Жалпы суммасы
|
Жергиликтүү бюджеттен каржыланышы | “Үлүштүк (дем берүүчү)” гранттардын эсебинен каржыланат |
1. | Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө |
4748,7 |
1815,4 |
2933,3
|
2. | Кетмен-Төбө айыл аймагында жайгашкан тиричилик тейлөө комбинатынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө |
3231,5 |
298,2 |
2933,3
|
3. | “Кайынды” балдар эс алуучу лагеринин имаратын 1-2 бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү |
5742,9 |
2809,6
|
2933,3
|
| Баардыгы | 13 723,2 | 4923,2 | 8800,0 |
Төрага | Нурматова К.И. |