Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели № 6
Кара-Таш айылында жайгашкан элдин мүлк үлүшүндөгү “Эски кампанын” ээлеген ордундагы жер янтын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Кара-Таш айылынын тургундары өздөрүнүн мүлк үлүшүндө турган эски кампанын айланасындагы ага тиешелүү болгон жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы айыл өкмөтүнө кайрылгандыгын айыл өкмөтү баяндап, аталган жер аянтын муниципалдык менчикке алып берүүгө чечим берүүгө айылдык кеңешине кайрылган. Кара-Таш айылында жайгашкан эски кампанын жер аянтын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү долбоору менен таанышып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 18-19-беренелеринин Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 30-32, 13-беренелеринин негизинде Кара-Таш айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эски кампанын ордундагы жер аянтын ага тиешелүү болгон тиешелүү иш кагаздары менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кампанын ордундагы жер аянтынан жерлерди мыйзамсыз ээлеген ээлери менен сүйлөшүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына, тармакка тиешлүү адистери менен туруктуу комиссия менен биргеликте иш алып баруусу тапшырылсын.
3. Кампага тиешелүү болгон жер аянтын, өлчөмүн жана ал жердин ичинен ээлеп алган мыйзамсыз жерлерди тактоо жагы Ноокат райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр бөлүмүнөн, Ноокат райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
4. Такталган жер аянтын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдыкм менчигине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 18-19-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-30-32- беренелеринин негизинде өткөрүп алуу жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |