Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели № 12
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын тургундарынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги №ЖТ/6 - арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1-протоколунун негизинде
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын тургундарынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги №ЖТ/6 - арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1-протоколун карап чыгып, талкуулап жана ой-пикирлерди эске алып Кара-Таш айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын тургундарынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги №ЖТ/6 – арызы канааттандырылып жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1-протоколу кубатталсын.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылындагы жаңыдан курулган мечитке “Шарип уулу Мадумар-Ата” аты ыйгарылсын жана муниципалдык менчиктеги 0.07га жер аянты бекитилип берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |