Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июлу № ХVIII / 4
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорнун болжолу жана 2019-жылга бюджеттик коомдук угуулар жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорнун болжолу жана 2019-жылга бюджеттик коомдук угууларын, Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып,сессияда угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө, бюджет кодексинин 78,79 жана 127-беренелине, каржы министирлигинин 2018-жылдын 17-апрель № 44-б буйругуна ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорнун болжолу жактырылсын.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүндө бюджеттик коомдук угуулар боюнча өткөрүлгөн 2018-жылдын 18-июлундагы протоколу жактырылсын жана бекитилсин.
3. Жогорудагы жактырылган долбоордун болжолу жана бюджеттик коомдук угуулардын протоколу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Кара-Таш айыл Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |