Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июлу № ХVIII / 5
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин, дагы башка турак жай жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашалары, Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № XVI/5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Таш аймагындагы “Таза суу” долбоорунун алкагында “MSDSP KG” коомдук фонду айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү ортосунда алкактык келишим түзүлүп,”Кара-Таш айылын таза суу менен камсыз кылуу” долбоору каралган,айыл өкмөтүнүн накталай салымы 2500,0 (Эки миллион беш жүз миң) сомду түзгөн. 2018-жылдын бюджеттин бекитүүдө 1000,0 (бир миллион) айыл өкмөтүнүн накталай салымы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № XVI/5 токтомунун 3-беренесинде жаны конуштарга электр мамычаларын алып, орнотууга каралган 1200,0(бир миллион эки жүз мин)сом акча каражаты толугу менен Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү долбоорун ишке ашырууга бөлүнгөн каражатка кошулуп, көбөйтүрүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын жылдырып (которуп) берүү жагы Кыргыз республикасынын финансы министирлигинин Ноокат башкармалыгынан суралсын.
3. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш айыл Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |