Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № ХIX / 3
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин бекитүү боюнча Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрь айындагы № XI/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылына бекитилген жергиликтүү бюджеттинин мектепке чейинки билим берүү тармагынын атайын счетунун (ата энелер жана кызматкерлердин взносу) 14232400 беренесине киреше боюнча бекитилген планына,жаңы ачылган “Пазилат апа “ жана “Эмирлан” балдар бакчасына кошулган бир тайпасына азык түлүк сатып алууга.Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайыкКара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылына бекитилген жергиликтүү бюджетинин мектепке чейинки билим берүү тармагынын атайын счетунун 14232400 беренесине киреше боюнча бекитилген планына 557700 (Беш жүз элүү жети миң жети жүз) сом акча каражаты кошулуп көбөйтүрүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо,токтомду аткаруу жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айыл Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |