Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № ХIX / 4
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин бекитүү боюнча Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрь айындагы № XI/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин алдындагы дем берүүчү (түрткү берүүчү) үлүштүк гранттардын механизмин ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу уюшулуп.2018-жылдын 01-декабрь айына демберүүчү (түрткү берүүчү) үлүштүк гранттардын тиешелүү иш кагаздарын даярдоого,Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин спорт эс алуу маданият жана дин бөлүмүнүн чыгашаларынын 2222 статьясынан 62280 (алтымыш эки миң эки жүз сексен) сом акча каражаты, аткаруу жана мыйзам чыгаруучу бөлүмүнүнүн 2215 статьясына жылдырып (которуп)берилсин.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин спорт эс алуу маданият жана дин бөлүмүнүн чыгашаларынын 2215 статьясынан 140000 (бир жүз кырк миң) сом акча каражаты, мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүнүн 2215 статьясына жылдырып (которуп)берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, токтомду аткаруу жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |