Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № 7
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда элдик салымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда керектелүүчү курулуш материалдары “MSDSP KG” коомдук фонду аркылуу каржыланып,ал эми курулуш жумуштары Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана элдик салымдын эсебинен каржыланышы белгиленген. Элдин эсебинен төлөнүүчү салым, долбоордун сметасында көрсөтүлгөн түтүктөрдүн алдына жана үстүнө жумшак топурак төшөө жумуштарынын наркы 973,5 (тогуз жүз жетимиш үч миң беш жүз ) сомду түзгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын элден жыйноо маселеси Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан каралып чыгылып, Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда элдик салым ар бир кожолукка 1,0 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ Кара-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барышсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Мамарасуловко милдеттендирилип, көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш айыл кеңешинин «Укук, регламент жана мыйзамдуулук»,«Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» жана боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |