Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетине кошумча түшкөн кирешелеринин эсебинен ”Эмирлан “балдар бакчасына өтүүчү көпүрөөнү оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин чыгашаларына планды тактоонун жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешенин эсебинен айыл өкмөтүнүн Нурдинов Амадали көчөсүндөгү көпүрөөнү оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Нурдинов Амадали атындагы көчөнүн”Эмирлан “балдар бакчасына өтүүчү көпүрөөнү оңдоо үчүн 100,0 (бир жүз миң ) сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Токтомду аткаруу,бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысы жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара- Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |