Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 3 ХX / III
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетине кошумча түшкөн кирешелеринин эсебинен “Пазилат апа” балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин чыгашаларына планды тактоонун жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешенин эсебинен Тажибаев Абибилла Кадыровичтин менчик үйүндө жайланышкан “ Пазилат апа” балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттинин эсебинен “Пазилат апа” балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоого 132,2 (бир жүз отуз эки миң эки жүз) сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Токтомду аткаруу,бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысы жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |