Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 5
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018- жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүнүн аппаратына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-берененин 4-пунктуна негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратына турмуш-тиричилик буюмдарын сатып алууга жалпы суммасы 17,0 (он жети миң)сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кенешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |