Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №XXII / V
Кара-Таш айыл окмотунун 2018-2023-жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүү программасына киргизилген социалдык обьектилерге жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планында Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нойгут айылына кеңсе куруу пландаштырылган.Бул долбоорду мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кара-Таш айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Таш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айылындагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нойгут айылына кеңсе курууга айыл өкмөтүнүн өздүк салымына 250,0 (эки жүз элүү) миң сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Токтомду аткаруу,бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык Кенешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |