Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчы Б.Мамарасуловдун билдирүүсүн угуп Кара-Таш айылдык кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.2019-жылдын 01- январына карата Кара-Таш айыл аймагынын калкы 15364 адамды түзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санындагы көрсөтүлгөн айыл аймагындагы элдин саны 15 миңдн 20 миңге чейин болгондо дагы 3 штаттык бирдик ( 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис,жана 1 техникалык тейлөөчү кызматкер) каралган. Ошондуктан 1 башкы адисти –башкы эсепчи,1-жетектөөчү адисти – инвестиция тартуу,турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча,1 техникалык тейлөөчү кызматкерди – айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасына айдоочу катары пайдаланабыз.Жогоруда аталган штаттык бирдиктерди кошуп, айыл өкмөтүнүн 19 штаттык бирдигин бекитип берүүңүдөрдү суранамын.Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Укук, регламент жана мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтомуна ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга 19 (он тогуз) штаттык бирдиги бекитилсин. (№1 Тиркеме тиркелет)
2. Кошулган штаттык бирдиктерге акча каражатын төлөп берүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Арыновко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Мамарасуловко, көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » жана «Укук, регламент жана мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |