Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № XXVI / I
Сүйүнбек Атамбеков орто мектебине футбол аянтчасын салуу
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги № 4-01-12-1001-0189 контурундагы Сүйүнбек Атамбеков орто мектебине футбол аянтчасын салуу үчүн 0,30 сотых жер үлүшү бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде укуктук нормативдик документтерин берүү жагы Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн, рай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына суралсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Турдубеков |